КОРОНОВИРУС оорусуна каршы бирге күрөшөбүз

“ШАНС” компаниясы Кытай Эл Республикасына колдоо көрсөтүү максатында “Коркунучка алдырба Ухань – Кытай биз силер мененбиз” деген аталыштагы акция өткөрдү. Дүйнөлүк коркунучка айланган КОРОНОВИРУС оорусуна бирге каршы күрөшүүгө чакырган иш-чарага “ШАНС” компаниясынын жамааты, студенттер, Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлчүлүгү, Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Ошол күнү китеп сатуудан түшкөн ар бир сом, Кытай Эл Республикасына бул оор илдет менен күрөшүүгө жардам катары которулду.
Back to Top