Жоламан UWW версиясында жылдын мыкты балбаны наамына ат салышууда
Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Бириккен күрөш уюмунун (UWW) версиясында “Грек-рим күрөшү боюнча 2022-жылдын мыкты балбаны“ наамы үчүн ат салышууда. Бул тууралуу аталган уюм кабарлады.
Аталган наамды алууга дүйнөлүк деңгээлдеги беш балбан көрсөтүлгөн:
🔸Эльданиз Азизли (55 кг) — Азербайжан;
🔸Жоламан Шаршенбеков (60 кг) — Кыргызстан;
🔸Бурхан Акбудак (82 кг) — Түркия;
🔸Риза Каялп (110 кг) — Түркия;
🔸Зураби Датунашвили (74 кг) — Сербия.
2022-жылы Жоламан дүйнө чемпионатын, Азия чемпионатын жана Ислам тилектештик оюндарын утуп, ири эл аралык турнирлерден бир күмүш жана эки коло алды.
Эске сала кетсек, Шаршенбеков 20-декабрда Бишкекте өтө турган “Поддубныйдын күрөш лигасы“ турниринин алкагында күрөшөт. Атаандашы Россиянын алдыңкы спортчусу Анвар Аллахьяров болмокчу.
86 views
447
82
1 month ago 00:25:24 1
Zholaman Sharshenbekov’s WORST World Championships Finals Moments!
7 months ago 00:03:09 3
3 Minutes of Zholaman Sharshenbekov’s Crazy Throws
1 year ago 00:05:10 1
5 Minutes of Crazy Greco-Roman Wrestling Throws
2 years ago 00:00:14 82
Жоламан дем берип... UWW кыргызстандык спортчу катышкан ролик жарыялады
2 years ago 00:01:09 63
UWW Жоламан Шаршенбековду жылдын балбаны деп тандады
2 years ago 00:01:55 104
UWW: Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков — тарых жаратуучулар
2 years ago 00:00:19 193
Жоламан UWW версиясында жылдын мыкты балбаны наамына ат салышууда