Согуш учурунда Москвада атылган тугуч салют. Тарыхый видео
Москвада Улуу Ата Мекендик согуш учурунда 1943-жылдын 5-августунда Курск догоосундагы салгылашта болгон бурулуш окуядан улам биринчи салют атылган.
Тарыхта ал идея Иосиф Сталинге тиешелүү болгону айтылып келет. Советтик жетекчи бул ийгиликти көрүнөрлүк кылып белгилегиси келген.
Салютту бүт Москва угушу үчүн 124 курал колдонулган. Залптар Москва аскер округундагы аскердик күчтөрдүн жетекчиси Павел Артемьев жана Москванын Абадагы кол салуудан коргонуучу ыкчам стратегиялык аскердик бирикмесинин башчысы Даниил Журавлевдун жетекчилиги менен атылган.
Куралдын маанилүүлөрү, кубаттуулары Кремлде жайгашкан. Калгандары ар кыл райондордогу стадиондордон, бошураак жерлерден атылган.
124 куралдан арасы 30 секундадан болгон 12 артиллериялык залп 5-августтан алтысына караган күнү атылган.
Жеңиштин биринчи салюту москвалыктар үчүн маанилүү окуялардын бири эле. Түнү эшикке чыккан эл Орел менен Белгороддун бошотолушуна кубанып, бири-бирин куттукташкан.
173 views
73
17
3 weeks ago 00:01:40 284
Согушта жоголгон жоокерлердин жакындары алар тууралуу маалымат ала башташат
1 month ago 00:00:50 273
Немецтердин шаштысын алган партизандардын “Концерти“. 81 жыл мурдагы видео
3 months ago 00:00:47 267
Согуш учурунда Москвада атылган туңгуч салют. Тарыхый видео
3 months ago 00:01:00 471
Нацисттерден жашынып жашаса да көз жумган еврей кызы Анна. Күндөлүк баяны