Гулжигит Сатыбеков Мен сенден кетейинчи

Бак тиктик, дарактар да куурап калды, Тамыры сууга жетпей кургап калды. Үйрүлүп мээримиңди төксөң дагы, Көңүлүм жакшы сөзгө суусап калды. Кайырма: Мен сенден кетейинчи, кетейинчи, Жаныңда өзүмдү-өзүм жебейинчи. Бактымды бир өзүңө байлаганча, Кыдырып дербиш болуп кетейинчи. Мен сенден кетким келди, кетейинчи, Баарын ал, каалаганың берейинчи. Бүт өмүр бир өзүңө байланганча, Кыдырып дүйнө кезип кетейинчи. Көңүлгө бир муздактык уюп алды, Сезимдер өз-өзүнчө тунуп алды. Койнуңа чакырбачы, эркелетпе, Жан дүйнөм сенден качып туруп алды. Кайырма: Сөздөрүң мурдагыдай жакпай калды, Бүркөлүп ар бир күнүм муңга айланды. Тумчугам кучагыңда түндөр узун, Өчөшүп таңдар дагы атпай калды.
Back to Top